Home /

Интервью Sputnik (кырг): через Узбекистан Кыргызстан может выйти на южную Азию

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илимий изилдөө кафедрасынын башчысы, экономист Улукман Мамытов соода маршруттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты. Шилтеме: https://sputnik.kg/20230215/sooda-marshruttaryn-zhakshyrtuu-kerek-1072890256.html

"Соода маршруттарын жакшыртуу, эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу аркылуу гана чоң экономикалык өсүш кылса болот. Бул үчүн мамлекеттер бардык аракетин көрүп келет. Мисалы, жакында өзбек лидери Кыргызстанга келип, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Эки элдин ортосундагы алаканы жакшыртууга чоң кадам жасалды. Эл аралык экономисттер Өзбекстанды Орто Азиянын борборунда жайгашкан перспективдүү мамлекет катары белгилеп жатышат. 30 миллиондук рынок, өнөр жайын эске алуу менен биз алар менен көп долбоорлорду жасасак болот. Дүйнөдө Азия маанилүү роль ойной баштабадыбы. Ушундай шартта Кыргызстандын Өзбекстан менен кызматташтыгы бир топ мүмкүнчүлүктөрдү берип, өлкөнүн Түштүк Азияга чыгуусуна жол ачышы мүмкүн. Алсак, Индия, Иран, Пакистан, Афганстан бар. Соода маршруттарын түзүүдө өкмөт туура стратегиялык саясат жүргүзүү аркылуу азыркы геосаясий абалды колдоно алат",— деди Мамытов.

 

Теги: 

Похожие статьи