Home /
Интервью Sputnik (кырг): об исламской модели финансирования
"Соңку убакта Евразияда экономикалык абал жакшырып, анын ичинен дал ушул араб өлкөлөрү геоэкономикалык күч болуп бара жатат. Алар нефть ресурстарынан түшкөн акчаны батышка салып келишкен, бирок батыш тарабынан акчаны тоңдуруп коюу боюнча прецендент болуп кетти. Мындан улам да ар кандай кооптонуулар болууда. Эгерде Кыргызстан тийиштүү шарт түзүп берсе, алардын каражатын инвестиция катары өзүбүзгө тартууга толук мүмкүндүк бар. Маселен, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан ислам каржы системасын киргизүү жаатында кыйла алдыда. Эми ошону өнүктүрүү зарыл", — деди Мамытов.