Home /

Интервью Sputnik (кырг): как использовать цифровые ценные бумаги в кризис

Экономист Улукман Мамытов санарип баалуу кагаздарды колдонуу менен кандай пайда көрсө боло турганын түшүндүрүп берди. Шилтеме: https://sputnik.kg/20221122/baluu-kagazdar-tuuraluu-1070199351.html

"Финансы министрлиги салыкты санарип баалуу кагаздар менен жапса болорун жар салды. Бул демилге мурдатан көтөрүлүп келе жатат. Ал үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү зарыл. Бул мамлекеттик органдарга карыз төлөй албай калган кыйын кырдаалдан чыгууга шарт түзөт. Мисалы, өлкөдө бир мамлекеттик орган экинчисинен, экинчиси үчүнчүсүннө, ал эми үчүнчүсү биринчисинен карыз алып айлампа болгон учурлар бар. Ал эми аны төлөш үчүн каражат жок болуп калат. Мындай жагдайда баалуу кагаздарды төлөм каражаты катары өткөрө берүү зарыл. Ошондо кризистен чыгууга шарт түзүлөт. Бул долбоор мамлекеттик органдардын ортосунда гана иштей турганы белгилүү. Бирок реалдуу секторго дагы колдонулса кыйла жылыштар болот. Бул кризистик учурдан чыгуунун эффективдүү жолдорунун бири, төлөмдүн көлөмүн көбөйтүп, ошол эле учурда накталай акчаны үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт", — деди Мамытов.

 

Теги: 

Похожие статьи