Home /
Интервью Sputnik (кырг): Запад не выиграет от санкций на Центральную Азию
Америка былтыр Кыргызстанды КМШдагы Россияга жардам бере турган, экономикалык жактан көз каранды мамлекеттердин катарына кошуп, атайын тизмеге киргизген. Акыркы убакта Россия менен Батыштын мамилеси оорлоп баратат. Керек болсо өзөктүк курал тууралуу да сөз козголуп калууда. Ошондуктан мындай коркунучту четке кага албайбыз. Өкмөт муну алдын ала иликтеп, башка жолдорун карап, даярданып коюшу керек. Мындан мамлекет эмне жоготуп, абалдан кантип чыгууга болорун караштыра жүргөнү оң. Санкциялар негизинен эки түрдө болот. Биринчиси — соода-сатык, экинчиси — каржы санкциясы. Россияга ушул соода санкциясын киргизип, Батыш жаңы технологияларды сатпоону талап кылып жатат. Санкцияны бузгандардын акчасы тоңдурулуп, чара көрүлөрү эскертилген. Доллар менен евро дүйнө жүзүндө абдан күчтүү акча болгондуктан Россияга да каржылык санкциялар оор тийип жатат. Статистикабызды карап көрсөк, Батыш менен көп соода-сатыгыбыз жок. Бирок каржылык жагынан сырткы да, ички да соода-сатыктар, кыймылсыз мүлктү сатуу доллар менен жүрүп калууда. Каржы системасына санкциялар бир топ зыян алып келет. Биз Россия менен да, Батыш менен да нейтралдуу пикирде экенибизди билдирип жатабыз. Саясатыбыз ошондой. Бирок абал курчуй берсе эки жээктин бирин тандоо маселеси кабыргасынан коюлат.