Home /
Интервью Sputnik: Батыш өз элине актаныш үчүн Россия менен конфликтиге барууда
"Украинадагы абалдын жаралышын Россия каалаган эмес. Эгер орус бийлигинин мындай каалоосу болсо мындан сегиз жыл мурда деле жасамак. Учурда бул кагылышуу Батышка жана АКШга ыңгайлуу болуп турат. Анткени батыштын экономикасы чоң кризиске кептелүү коркунучунда. АКШда болсо күзүндө палата өкүлдөрүнө шайлоо өтүшү керек. Соңку жылдары республикачылар менен демократтардын ортосундагы ири пикир келишпестиктер, элдин демократтарга карата жылдан-жылга ишениминин азайып баратышы бийлигин тынчсыздандырууда. Андыктан Батышка да, АКШга да ансыз да алсырап калган экономикасын Украинадагы абалдан улам келип чыккан деп өз элине көрсөтүү кызыкчылыгы турат. Россиянын болсо абалы башкача. Албетте, башында россиялыктар чочулап, 2-3 жума ызы-чуу жаралышы ыктымал. Бирок федерациянын экономикасы профицит, рублдин келечеги кең, запасында 600 миллиарддан ашуун доллары бар. Анын жарымынан көбүн батыш тоңдуруп койду, ошентсе да Россия экономикалык кыйынчылыкка анчейин деле дуушар болбойт", — деди Мамытов.